Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапар менен барат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Климат боюнча дүйнөлүк саммитте. Дубай, БАЭ. 1-декабрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Климат боюнча дүйнөлүк саммитте. Дубай, БАЭ. 1-декабрь, 2023-жыл.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-13-февралда Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен барат.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаров БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат.

Азымбакиевдин айтуусунда, быйылкы саммит жасалма интеллект жана жаңы багыттар, келечектеги өнүгүүнү жана экономиканы кайра карап чыгуу, билим берүү, туруктуу өнүгүү, жаңы глобалдык жылыштар, урбанизация жана глобалдык саламаттыкты сактоону артыкчылык кылган темаларда "Келечектеги өкмөттөрдү түзүү" деген аталышта өтөт.

Саммитке дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана жетекчилери, эл аралык уюмдар катышат.

Саммитте президент Садыр Жапаровдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Ошондой эле БАЭнин жетекчилиги жана ишкерлери менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулашы мерчемделген.

Президент Садыр Жапаров былтыр да 1-декабрда Дубай шаарында өткөн Климат боюнча иш-аракеттердин бүткүл дүйнөлүк саммитине катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG