ТИМ президент Жапаров Блинкендин катына жооп бергенин билдирди

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев (оңдо) жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери. 9-февраль, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп бергенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 9-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алган. Анда Блинкендин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жолдогон катына кыргыз тараптын жообун тапшырган. Катта өлкөнүн ички саясий абалы, демократиялык жараяндар тууралуу аргументтер камтылган жооптор жазылган.

Жолугушууда тараптар өз ара соода-алаканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана сейрек металл кендери тармагында чогуу аракеттенүү жаатында сүйлөшкөнү кабарланды.

Энтони Блинкен Садыр Жапаровго кат жолдогону 7-февралда маалым болгон. Блинкен катында эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө канааттанганын белгилеп, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун айткан.

Ал эгер "Чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасир этип, өлкөнүн эң чоң байлыктарынын бирине коркунуч келтирерин кошумчалаган.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибинен "Чет элдик өкүл тууралуу" мыйзам долбоору алынган, анын себеби айтылган эмес.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети аны экинчи окууда колдогон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти "бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү" бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% шайкеш келерин аныктаган. Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Путин: "Эртеби-кечпи, баары бир келишебиз"Бишкек жылуулук борборунда авариянын кесепетин тазалоо иши аяктадыШольц жана Байден Вашингтондо Украина маселесин талкуулашатУкраина: Залужныйдын ордуна Куралдуу күчтөрдүн башчысы болуп Сырский дайындалдыKloop порталын жабуу боюнча соттук отурумда үч эксперт суралды