Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Бишкек жылуулук борборунда авариянын кесепетин тазалоо иши аяктады


Бишкек жылуулук электр борборундагы калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан учур. Февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борборундагы калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан учур. Февраль, 2024-жыл.

9-февралда Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын кесепеттерин тазалоо иштери аягына чыкты. Кырсыктын себеби азырынча тактала элек. Иликтөө иштерине Орусиядан келген адистер да тартылган.

Бул тууралуу өкмөттүн медиа штабы билдирди. Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери оңдоп-тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, имаратты жылуулашты. Чатырды кайрадан жабышты.

ӨКМдин өрт тажрыйба лабораториясынын кызматкерлери жарылуу болгон жерде иликтөө иштерин улантып жатышат.

Жылуулук борборундагы жарылуунун кесепетин жоюу үчүн күн сайын 120дан ашуун кызматкер, 24 атайын техника иштеди.

ЖЭБдеги чукул кырдаал азырынча алына элек.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырсыкты изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт.

2017-жылкы модернизациядан кийин Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 812 МВтка жеткени маалымдалган. Бир жыл өтпөй, 2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган. Борбор ошондон бери мерчемделген кубаттуулукка чыга элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG