Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Шольц жана Байден Вашингтондо Украина маселесин талкуулашат


Олаф Шольц.
Олаф Шольц.

Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц иш сапар менен АКШга барды. Бүгүн 9-февралда ал Вашингтондо Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен жолугушат.

Талкуулана турган маселе – Украинадагы соңку кырдаал жана Батыш өлкөлөрүнүн ага жардамы.

Өткөн аптада Германия активдүү мүчө болгон Европа Биримдиги Украинага 50 миллиард евро бөлүү тууралуу чечимди бир добуштан кабыл алган.

Байден Украинага канчалык керек болсо, ошончолук жардам берилет деп убада кылган. Бирок бул өлкөгө 60 миллиард долларлык жардам камтылган мыйзам долбоору АКШнын Сенатында 7-февралда тийиштүү добуш ала алган жок.

Талдоочулар Конгресстеги республикачылар быйыл күзүндө боло турган президенттик шайлоо алдында демократ талапкер, азыркы президент Жо Байдендин Украинага жардам камтылган сунушун колдобой, ага тоскоолдук жаратып жатканын белгилөөдө.

Мындай шартта Украинага жардам маселесинде негизги жүктү АКШдан кийин Германия өзүнө алышы ыктымал экенин Шольц, Deutsche Welle басылмасы жазгандай, өз калкына эскертти.

АКШ менен Германия Украинаны НАТОго мүчөлүккө кабыл алуу маселесинде оң жообун бербей келе жаткан өлкөлөр. (RK)

XS
SM
MD
LG