Куралдуу күчтөрдүн ардагери, аскердик укук коргоочу Анвар Сартаев камакка алынды. Маалыматты “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастап, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү, “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып коюлганын билдирди.
Маалыматка ылайык, сот Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, 3-февралда Анвар Сартаевди 1-апрелге чейин камакка алган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) иштин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.
Анвар Сартаев аскердик укук коргоочу катары таанымал. 2015-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлигин койгон. 2017-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп кайра чакыртып алган. 2022-жылы Бишкектеги Биринчи май округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. (BTo)
Дагы караңыз
Мамлекеттик ипотекалык компания 14 миңдей батир курарын жарыяладыКоомдук ишмер Райкан Алкановдун сөөгү Таласка коюлду Казакстанда аялдар маршын колдогон активист пикет уюштурдуПакистандагы шайлоодо Шарифтин партиясы алдыда келе жататУкраина: Орусиянын чабуулу бири нече кишинин өмүрүн алды Журналист Азият Жекшеев соттон чакыруу кагаз алганын билдирдиОшто дарыгерлерди сабаган деп кармалган адам үй камагына чыкты