Коомдук ишмер Райкан Алкановдун сөөгү 9-февралда өзү туулуп-өскөн Талас районунун Арал айылында жерге берилди. Бул тууралуу облустук акимчиликтен билдиришти.
Райкан Алканов 6-февралда 91 жашында Германияда дарыланып жаткан учурунда көз жумган.
Ал 1997-жылы Бишкектеги Алканов базарын негиздеген. 2010-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.
Алканов бокс боюнча спорттун чебери жана Кыргызстандын бокс жана каратэ федерацияларынын ардактуу президенти. Андан сырткары “Көк-Бөрү” федерациясын жетектеген. Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү болгон.
“Даңк” медалынын жана башка эл аралык сыйлыктарды алган. Соңку жылдары меценат катары таанылып, өлкөдөгү спорттук маданий иш-чараларга демөөрчүлүк кылып келген. (MKt)
Дагы караңыз
Пакистандагы шайлоодо Шарифтин партиясы алдыда келе жататКазакстанда аялдар маршын колдогон активист пикет уюштурдуТөрт өлкө палестин мамлекетин таануу боюнча "айныксыз кадамга" чакырдыУкраина: Орусиянын чабуулу бири нече кишинин өмүрүн алды Журналист Азият Жекшеев соттон чакыруу кагаз алганын билдирдиОшто дарыгерлерди сабаган деп кармалган адам үй камагына чыктыПутин Украинадагы согуш үчүн Батышты айыптап, диалогго даяр экенин айтты