Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:10

Путин Украинадагы согуш үчүн Батышты айыптап, диалогго даяр экенин айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин 8-февралда америкалык Fox News телеканалынын мурдагы алып баруучусу Такер Карлсонго курган маегинде азыркы согуштун башталышына кайрадан Украинаны жана Батышты айыптады. Украинадагы 2014-жылдагы окуяны мамлекеттик төңкөрүш деп атап, буга жана Киевдин Минск келишимдерин аткарбай койгонуна Батыш шыкакчы болгонун айтты, Вашингтонду өз позициясын кайра карап чыгууга чакырып, Орусия диалогго даяр экенин билдирди.

Путин 2000-жылдардын башында президенттикке келгенде эле Батыш менен мамилени бекемдөөгө аракет кылганын, жада калса Орусиянын НАТОго кошулуу ыктымалдыгын талкуулаган учурлар да болгонун, бирок алар макул болбой коюшканын айтты.

"Орусия «цивилизациялуу элдердин» бир тууган үй-бүлөсүнө кабыл алышат деп күткөн, бирок андай болгон жок. Кошмо Штаттар бизди алдашты. НАТО чыгыш тарапка кеңейтилбейт деп убада кылышты эле, «бирок андан бери беш жолу ошондой кадам жасашты, кеңейтүүнүн беш толкуну болду», - деди орус президенти.

Путин Орусия менен Батыштын ортосундагы азыркы тирешке НАТОнун чыгышка кеңейтилиши жана Украинанын бул Түндүк Атлантика альянсына кошулуу ыктымалдыгы алып келген деген оюн кайра кайталады.

Орус президенти Украинага каршы ачкан согушу боюнча актанып, «бир эл», «украиналыктар азыр да өзүлөрүн орус сезишет» деп айтты, бирок ошол эле учурда Украинага толук масштабдуу кол салуу Украинанын өзүнүн ичиндеги «жарандык согушка» байланыштуу болгонун кошумчалады.

Путин Вашингтон позициясын кайра карап чыгышы, Украинага курал берүүнү токтотушу керектигин, ошондо гана кармашты токтотсо, мунасага келсе болорун айтты.

"Варианттар бар, болгону, каалоо керек", – деген Путин Москва диалогго даяр экенин белгиледи, бирок кандай шартта болушу мүмкүн экенин айткан жок.

"Украинадагы уланып жаткан мобилизация, туталануу, ички проблемалар, мунун баары… Эртеби, кечпи, баары бир келишебиз", – деди ал.

Америкалык журналист Такер Карлсон Путинден интервью алыш үчүн Москвага ушул айдын башында барган. Бул маек Орусия Украинага кол салгандан берки эки жыл ичинде батыштык журналист Путиндин жеке өзү менен байланышкан алгачкы интервью болду. Карлсон Украинадагы согуш тууралуу бардык тараптардын пикирин аудиторияга жеткирүү максатын көздөп жатканын айтты жана украин президенти Владимир Зеленскийге да интервью сурап кайрылганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG