Өзбекстанда талаштуу билдирүүлөрү менен таанылган диний блогер Аброр Абдуазимов Ташкенттин Шайхантахур райондук сотунун чечими менен 15 суткага камалды. Ал социалдык тармактарда Аброр Мухтор Али деген ысым менен таанымал.
Блогер төрт тарапташы менен “Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө” жана "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өз ишин аткаруусуна каршылык көрсөтүү" деген беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды.
Тергөөнүн версиясына караганда, Абдуазимов достору менен Шайхантахур райондук администрациясынын имаратында чуу чыгарган. Блогер сотто күнөөсүн мойнуна алып, өкүнөрүн билдирди.
2023-жылдын февраль айында Абдуазимов дагы бир блогер Никита Макаренконун беделине шек келтирген жалган маалыматтарды таркатканы үчүн жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөөгө милденттендирилген.
Абудазимовдун YouTube каналына 700 миңден көп киши катталган. “Инстаграмда” бир миллион, ал Телеграмда 100 миңден ашуун катталуучусу бар.
Дагы караңыз
HRW казак бийлигин журналист Мухамметкаримди бошотууга үндөдүБишкекте темир жолду кесип өткөн жол куруп, эки көчөнү узартуу иштери башталдыОрусия: БШК Надеждинди президенттике талапкер кылып каттоодон баш тартты