Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Орусия: БШК Надеждинди президенттике талапкер кылып каттоодон баш тартты


Орусиялык саясатчы Борис Надеждин
Орусиялык саясатчы Борис Надеждин

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке ат салышууну көздөгөн Борис Надеждиндин талапкерлигин каттоодон баш тартты. Мекеме ал чогулткан 9 миң кишинин колун жараксыз деп тапты. Чечимди 8-февралда Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдошту.

Жалпысынан Надеждин 200 миң кол топтогон. Алардын 105 миңи шайлоо комиссиясына өткөрүлгөн. Топтолгон колдордун арасында жараксыздар көп экени тууралуу маалымат алгач 5-февралда чыккан.

Москванын Украинага кол салуусун токтотууга ачык үндөп келе жаткан саясатчы Борис Надеждин расмий түрдө президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергени 31-январда маалым болгон.

“Жарандык демилге” партиясынан көрсөтүлүп жаткан, Өзбекстанда туулуп, кийин Орусияда жашап калган, бешинчи жолу президенттикке аттанып жаткан Владимир Путиндин саясатына каршы билдирүүлөрү менен белгилүү болгон 60 жаштагы Надеждин физика-математика илимдеринин кандидаты.

Ал саясатка 1990-жылдары аралаша баштаган. 2000-жылдардын башында Мамлекеттик думада «Оңчул күчтөр союзунан» депутат болгон.

Надеждиндин президенттикке аттанышын Орусиядагы оппозициялык саясатчылар Максим Кац, Михаил Ходорковский жана Кремлдин башкы сынчысы, азыр абакта кармалып отурган Алексей Навальныйдын тарапташтары колдошту. Анын талапкерлигин колдогондордун кол топтоо бекеттеринде узун кезекке турган сүрөт-видеолору социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкуу жараткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле “Орусиянын коммунистери” партиясынан өз талапкерлигин коюга ниеттенип жаткан Сергей Малинковичти да каттоодон баш тартты.

Орусияда президенттик шайлоо 15-17-мартта өткөнү жатат. Катталган талапкерлердин тизмесин Боршайком 10-февралга чейин жарыялашы керек.

XS
SM
MD
LG