Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

HRW казак бийлигин журналист Мухамметкаримди бошотууга үндөдү


Казакстандык журналист Думан Мухамметкарим.
Казакстандык журналист Думан Мухамметкарим.

Эл аралык Human Rights Watch адам укугун коргоо уюму журналист, активист Думан Мухамметкаримге "экстремизм" боюнча негизсиз айып тагылып жатканын белгилеп, казак бийлигин аны токтоосуз бошотууга чакырды.

Мындай билдирүүнү баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 8-февралда, журналисттин сотун утурлай таратты.

"Не дейді" YouTube-каналынын автору, журналист Думан Мухамметкарим “тыюу салынган уюмдун ишине аралашууга” жана “экстремизмди каржылоого” айыпталууда. Буга анын бозгундагы банкир Мухтар Аблязовдон алган маеги себеп болгон. Мухамметкаримдин күнөөлөрү далилденсе ал тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Журналист 2023-жылдын май айынан бери камакта отурат.

"Казакстан бийлиги аларды сындап, тынч чогулуу укугун жүзөгө ашыргысы келген көз карандысыз журналисттин үнүн басууга аракеттенүүдө. Бийлик Кылмыш кодексиндеги “экстремизм” түшүнүгүн өкмөттү сындагандарга каршы колдонууну токтотууга тийиш”,- деди Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия жетекчи орун басары Мира Ритман.

Мухамметкарим 2023-жылдын жазында көз карандысыз талапкер катары парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бирок талапкер катары каттала алган эмес.

Анын иши боюнча алгачкы сот жараяны 12-февралга белгиленген.

XS
SM
MD
LG