Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Бишкекте темир жолду кесип өткөн жол куруп, эки көчөнү узартуу иштери башталды


Бишкек шаарынын Башкы планы. Бул сүрөттө Фучик көчөсү Садырбаев (Баха) көчөсү менен туташып, Бакаев көчөсү (уландысы Матыев көчөсү) Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулары көрсөтүлгөн. Азыркы долбоор мындан айырмаланып калышы мүмкүн.
Бишкек шаарынын Башкы планы. Бул сүрөттө Фучик көчөсү Садырбаев (Баха) көчөсү менен туташып, Бакаев көчөсү (уландысы Матыев көчөсү) Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулары көрсөтүлгөн. Азыркы долбоор мындан айырмаланып калышы мүмкүн.

Бишкек шаарында автотыгындарды азайтуучу чаралардын бири катары – Фучик жана Бакаев (төмөн жагы Матыев) көчөлөрүн узартып, темир жолду кесип өткөн жол куруу үчүн даярдык иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кыргызтемиржол” ишканасынын жетекчилигинин жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда аталган жол тилкелерин жеринен көрүп, жумушка старт берди. Тиешелүү экспертизалар аяктагандан кийин курулуш иштери башталмакчы.

Долбоор ишке ашса Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнө чейин узарат. Матыев көчөсү Толстой көчөсүнөн ары Ала-Арча суусунун жээгин бойлой Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулат. Бул Жаш гвардия бульвары жана Асаналиев (Некрасова) көчөлөрүндөгү тыгындарды бир топ жеңилдетет деп күтүлүүдө.

Мэриянын басма сөз кызматы чечмелегендей, темир жол шаарды эки бөлүккө бөлүп турат. Аны кесип өткөн башка көчөлөрдөгү учурдагы эстакадалар калаанын түштүк жана түндүк бөлүктөрүнүн ортосундагы транспорттук байланышты жетиштүү камсыздай албайт. Ошол себептүү темир жолду кесип өтүүчү жолдордун санын көбөйтүү зарылчылыгы күн санап күчөп жатат.

Бишкек шаарынын Башкы планында Фучик көчөсү менен Бакаев көчөлөрүн Масалиев көчөсү – Түштүк магистралга чейин узартуу планы каралган. Мында Фучик көчөсү Садырбаев (Бах) көчөсүнө туташса, Бакаев көчөсү Кыргыз-түрк “Манас” университинин аймагын кесип өтүп, Масалиев көчөсүнө чыгышы керек.

Фучик көчөсүн узартып, Садырбаевге чейин туташтырып, аны чоң көчөгө айлантуу идеялары Бишкек шаарынын мурдагы жетекчилеринин тушунда да айтылып келген. Реалдуу иштер жүргүзүлгөн эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG