Алматыда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар акцияга чыкты

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыккандар. 8-февраль, 2024-жыл.

Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районунда узак жылдарга соттолгон туугандарын бошотууну талап кылган он чакты адам 8-февралда Кытайдын Алматыдагы консулдугуна жакын жерде нааразылык акциясын өткөрдү.

Пикетке чыккандардын бири, 68 жаштагы Халида Акытхан үч баласын, небере, келиндерин жети жылдан бери көрө электигин айтты:

"Эки уулум 22 жылга, эң кичүү балам 10 жылга камалган. Үч келиним да эч бир күнөөсүз бир жарым жылдан отуруп чыгышты. Балдарымдын намазга жыгылгандан башка айыбы жок. Бизге консулдуктун алдына жакын барууга мүмкүнчүлүк бергиле. Талабыбызды ошол жерде туруп айталык", - деди ал жолун тоскон полиция кызматкерлерине.

Тартип коргоочулар анын суранычын орундаткан жок.

Кытай консулдугунан эч ким чыкпады. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттерине да эч ким жооп берген жок.

Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар туруктуу акция өткөрүп келатканына 8-февралда туура үч жыл болду. Бул аралыкта Кытай консулдугунан аларга бир да адам чыккан эмес.

Пикетке чыккандарды полиция кызматкерлери кармап кетип, айып пул салат. Үч жылдан бери аларга салынган айып пулдун көлөмү жети миң теңгеден ашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2017-жылдан тартып ал жактагы саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине миллиондон ашуун уйгур, казак жана ислам динин тутунган башка улуттагы жарандар камалды. Эл аралык уюмдар Кытайдын мындай саясатын кескин сындап чыгышкан, бирок расмий Бээжин Шинжаңдагы саясатын «экстремизмге каршы күрөш», ал эми саясий лагерлерди «кесиптик кайра даярдоо борборлору» деп атап келет.

Лагерде кармалып чыккан уйгурлар менен казактар ал жактан түрдүү кыйноого, зордуктоого кабылганын, аларга ар кандай белгисиз дары ичиришкенин жана мажбурлап иштетишкенин айтып беришкен.

Дагы караңыз

Нетаньяху ХАМАСтын ок атышууну токтотуу сунушун четке кактыБишкек–Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилдиБишкек ЖЭБин оңдоп-тазалоо иши дээрлик аяктап калдыБишкекте бир типтеги аялдамалар курулат