Бишкек ЖЭБин оңдоп-тазалоо иши дээрлик аяктап калды

Акылбек Жапаровду ЖЭБди көрүп жаткан учуру. 8-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаровго 8-февралга карата Жылуулук электр борборунда жалпы активдүү кубаттуулук 300 МВтты түзүп, 9 от казан жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы туурасында маалымат берилди.

“Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Оңдоп-тазалоо иштери бүгүн, кечке жуук бүткөрүлөт, чатырды оңдоо иштери уланууда”, — деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Министрлер кабинетинин башчысы андан ары “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына барып, анда Кара-Кече кенинен борбор калаанын ЖЭБине көмүрдү ташуу жана жүктөө процесси менен таанышты.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Энергетика министри Таалай Ибраев 5-февралдын кечине карата Бишкек шаары жылуулук менен 100% камсыздалып, ысык суунун ЖЭБден чыккан табы 100 градуска жетип жатканын билдирген.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырсыкты изилдөө үчүн мекемелер комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт. (ErN)

Дагы караңыз

Азербайжандагы шайлоодо Алиев 92% добуш менен алдыга чыктыКыргыз футбол союзунун президенттигине Ташиев жалгыз талапкер болду Депутат Түлөбаев Ак-Түздөгү кенди иштетүүгө чакырдыЧүйдө бир жылда 529 жолу жол эрежесин бузган айдоочу аныкталдыПрезидент Жапаров прокуратура 16 млрд 923 млн сомду мамлекетке кайтарганын айтты Челябинскиде өзбек, тажик жана кыргыз мигранттар тобу баңгизат сатууга шектелип кармалды