Кыргыз футбол союзунун президенттигине Ташиев жалгыз талапкер болду

Камчыбек Ташиев. Май, 2022-жыл. Бишкек

Кыргыз футбол союзунун президенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Аталган уюмдан кабарлашкандай, 7-февралда Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, Кыргыз футбол союзунун президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди. Президенттикке Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болду. Аны "Талант" футбол клубу сунуштады.

31-январда мамлекет башчы Садыр Жапаров Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болууну сунушун бергенин билдирген.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин 29-январда Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен. Алар уюмдун 19-февралда өтө турган кезексиз жыйынына чейин иштеп турат. Анда Кыргыз футбол союзунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

Талапкерлерди Кыргыз футбол бирлигине кирген регионалдык федерациялар, футбол клубдар жана ассоциациялар тарабынан дайындалган 28 делегат шайлайт.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти 2020-жылдан бери жетектейт, 2021-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматы да кошулган.(SE)

Дагы караңыз

Депутат Түлөбаев Ак-Түздөгү кенди иштетүүгө чакырдыОрус армиясы Украинага дрондор менен сокку урду Бишкекте бир типтеги аялдамалар курулат