Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Орус армиясы Украинага дрондор менен сокку урду


Орус армиясынын Одессага дрон менен жасаган соккусунун кесепети. 8-февраль, 2024-жыл.
Орус армиясынын Одессага дрон менен жасаган соккусунун кесепети. 8-февраль, 2024-жыл.

Орусиянын армиясы 8-февралга караган түнү Украинанын аймагына "жанкечти" дрондор менен сокку урду. Одесса жана Николаев облустарында жардыруулар болгону кабарланды. Чабуул тууралуу эскерткен сиреналар Украинанын 14 облусунда жаңырды.

Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, аннексияланган Крымдын аймагынан учурулган 17 учкучсуз аппараттын 11 атып түшүрүлдү.

Одесса облусунда кол салуудан бир жер үй жана билим берүүчү жай талкаланганын аймактын администрация башчысы Олег Кипер билдирди. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат чыккан жок.

Николаев шаарында 20дан ашуун турак жай талкаланды. Алардын арасында көп кабаттуу үйлөр, кеңселер дагы бар.

“Коммуналдык ишкананага да кесепети тийди”, -деп жазды калаа башчысы Александр Сенкевич Телеграмга.

Николаев облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Виталий Ким жабыркагандар жок экенин билдирди.

Андан тышкары Винницкий облусунда абадан кулатылган дрондун сыныктары ишканага тийип, өрт тутанганы кабарланды.

7-февралда Орусиянын армиясынын Украинага дрондор жана ракеталар менен сокку урган. Анда беш киши набыт болуп, ондон ашууну жараат алган.

XS
SM
MD
LG