Пакистанда шайлоо алдындагы жарылуулар 24 адамдын өмүрүн алды

Пакистан. 2024-жылдын 7-февралы.

Пакистанда парламенттин төмөнкү палатасы Улуттук ассамблеяга шайлоого бир күн калганда жарылуу болуп, кемине 24 адамдын өмүрү кыйылды. Өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында бүгүн 7-февралда депутаттыкка талапкерлердин шайлоо штабдарынын жанында эки жолу жарылуу болуп, мерт кеткендерден тышкары дагы ондогон адам жараат алды.

Кол салууну ким уюштуруп, ишке ашырганы азырынча белгисиз, жоопкерчиликти эс ким өзүнө ала элек.

Бийлик соңку айлары бир нече жолу чабуул уюштурган "Пакистан Талибаны" кыймылын жана Белужистандагы айрым жикчил топторду айыптап, шайлоо бекеттериндеги коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

Өткөн аптада шайлоо алдындагы сурамжылоолордо алдыңкы орунду ээлеп келе жаткан Tehreek-e-Insaf (PTI) партиясынын негиздөөчүсү, өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы, азыркы тапта түрмөдө отурган Имран Ханга дагы бир топ айып тагылып, камак мөөнөтү жалпысынан 31 жыл болуп узартылган.

Хан өзүнүн тарапкерлерин шайлоого катышууга, добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаганча добушканадан кетпей турууга чакырган.

Эртеңки шайлоого Хандын да партиясы катышат. Бирок сот шайлоо бюллетенине аталган партиянын эн белгисин (логотип) жазууга тыюу салып койгондуктан калкынын 40% сабатсыз бул өлкөдө анын тарапкерлерине өз тандоосун туура жасоого тоскоолдук жаралышы мүмкүн экени айтылууда.

Пакистандын парламенти эки палатадан турат – Сенат жана Улуттук ассамблея.

Эртеңки парламенттик шайлоого 44 партия катышууда. Алардын арасынан үч партия негизги атаандаштар: Хандын Tehreek-e-Insaf патиясы, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин Pakistan Muslim League партиясы жана мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун атасы негиздеген Pakistan Peoples Party. (RK)

Дагы караңыз

Орусиядагы жол кырсыгында эки кыргызстандык каза тапты Таласта катуу шамал мектептердин чатырын учуруп кетти Орусияда согуш жөнүндө "туура эмес айткандардын" мүлкүн тартып ала башташатКараколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты