Юстиция министринин орун басары “ЖМК мыйзамы” “Орусиядан көчүрүлгөн” деген айыптарга жооп берди

Орозбек Сыдыков

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Президенттин администрациясы сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы “Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөн” деген сын-пикирлерди “туура эмес чечмелөө” деп атады. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” “Арай көз чара” талкуусунда журналист Кубат Оторбаевдин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Айрым журналисттер бул мыйзамдын айрым пункттарын “Орусиядагыдай кылыш керек” дешсе, башкалары бизди мыйзамды “Орусиядан көчүрүп алгансыңар” деп жатышат. Биз айтып жатабыз, дүйнө бир, баарыбыз жер планетасында жашагандан кийин коомдогу мамилелерди жөнгө салуучу кээ бир эрежелер, терминдештирүү, же мыйзамдар окшош болуп калышы мүмкүн. Юстиция эмес, физика, химияда деле ошондой окшоштуктар кездешет. Муну сөзсүз эле бирөөдөн көчүрүп алуу деп атоого болбойт. Бул мыйзамдын максаты эски мыйзамды жаңылоо, ички саясатыбызды жөнгө салуу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин алып барууга багытталган. Албетте, азыр талкуу, талаш-тартыш болуп жатканы менен соңку чечимди парламент, ошол жердеги депутаттар кабыл алат”, – деди Орозбек Сыдыков.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 6-февралдагы жыйынында “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев жаңы сунушталган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын билдирген. Эл өкүлү документте катаал чаралар камтылганын айтып, аны өзгөртүү керектигин кошумчалады.

Ошентип, парламенттин Конституциялык мыйзамдар комитети долбоорду күн тартибинен алды. Буга чейин “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эки комитети биринчи окууда колдогон.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын 2022-жылы коомдук талкууга чыгарган. Администрация мунун себебин 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы, ошол себептүү аны жаңылоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамачылыгын билдирип чыккан. 2023-жылы мунун алкагында катар талкуулар өттү. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Бир жыл ичинде ал бир канча жолу өзгөртүлгөнүнө карабай, дагы деле бул мыйзамдын дарегине айтылган сындар басаңдай элек.

Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиа каражаттары Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өтүшү керек. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар мыйзам долбоору сөз эркиндигине кедергисин тийгизе турганын эскертип жатышат. (ErN)

Дагы караңыз

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен президент Жапаровго кат жолдодуШаардык сот Бектур Асановду эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоттуБайден Конгрессти Украина үчүн жардам каралган мыйзам долбоорун колдоого чакырды Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айттыАкылбек Жапаров Ош шаарынын бюджетин көтөрүүнү талап кылдыОшто жашы жете электерди сабаган өспүрүм кыздар кармалдыСадыр Жапаровдун китеби изилдөө институттарына таратылат