Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен президент Жапаровго кат жолдоду


Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду. Президенттик аппараттан маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, каттын мазмуну тууралуу комментарий берилген жок. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кийинчерээк толук маалымат болорун билдирди.

7-февралда Аkipress агенттиги Блинкен Жапаровго 17-январда кат жолдогону тууралуу жазып, анын текстинин айрым бөлүктөрүн жарыялаган. Анда Блинкен парламентте каралып жаткан "Чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдиргени айтылат.

Мамлекеттик катчы Кыргызстандын жарандык коому чөлкөмдөгү эң күчтүү жана өлкөдөгү демократиянын негизги бөлүгү экенин белгилегени көрсөтүлгөн. Блинкен эгер "Чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасир этип, өлкөнүн эң чоң байлыгына коркунуч келтирерин кошумчалаган.

Бүгүн талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмак, бирок күтүүсүздөн парламенттин күн тартибинен алынганын депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында жазды.

Парламенттин басма сөз кызматы бул маселе эмне үчүн күн тартибинен алынганынын чоо-жайы тууралуу маалымат жоктугун билдирди.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети аны экинчи окууда колдогон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти "бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү" бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% шайкеш келерин аныктаган. Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG