Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Акылбек Жапаров Ош шаарынын бюджетин көтөрүүнү талап кылды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов мэриянын коллегиялык жыйынында. 7-февраль, 2024-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов мэриянын коллегиялык жыйынында. 7-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров экинчи борборго жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаардык мэриясынын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга пландары талкууланган коллегияга катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жапаров 2023-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жыл болгонун белгилеп, мэриянын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди. Ошол эле маалда ал калаага республикалык бюджеттен да колдоо болгонун тактады.

Министрлер кабинетинин башчысы экинчи борбордогу бир эле окуу жайдын – Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) бюджети 4,1 миллиард сом экенин мисал келтирип, ал эми бүтүндөй Ош шаарынын бюджети 2,5 миллиард сом экенине токтолду. Акылбек Жапаров республикалык бюджетти көтөрүүдөгү механизмдерди чечмелеп, “жаңы идеяларды жана ыкмаларды киргизүү менен Ош шаарынын бюджетин да көбөйтүү керектигин” айтты.

Ош шаарынын бюджети 2015-2020-жылдары 900 миллион сомдон 1,3 млрд сомго чейин жеткен. Калаанын салыктык кирешеси жана салыктык эмес кирешелери 2021-жылы 1,4 млрд сом, 2022-жылы 1,9 млрд сом, 2023-жылы 2,3 млрд сомду түзгөн.

Атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттин кошумча жардамын (трансферттерди) кошуп санаганда Ош шаарынын бюджети 2021-жылы 1,6 млрд сом, 2022-жылы 2,3 млрд сом, 2023-жылы 2,9 млрд сомду түзгөн.

Мэриянын маалымат кызматы шаардын 2024-жылга карата бюджети эсептелип жатканын, шаардык кеңешке сунушталганга чейин, санды алдын ала бере албай турганын тактады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG