Шаардык сот Бектур Асановду эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту

Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган оппозициялык саясатчы Бектур Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Мындай токтомду Бишкек шаардык соту 7-февралда чыгарып, бул иш боюнча шек саналып абакта жаткан 10 кишини Бишкектеги №1 тергөө абагында калтырды.

Дагы бир айыпталуучу Темир Махмудовдун адвокаттары бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу шаардык сотко арыз берген эмес.

Бектур Асановго 15-январда Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалып, 25-январда №31 дарылоо мекемесине которулган. Жубайы Алтын Эркебаева жолдошунун моюн омурткасына дагы бир операция жасатуу зарыл экенин билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Бала бакчаларда тамак-ашты каржылоо мыйзамы биринчи окуудан өттүГрузияда жер көчкүдөн төрт кишинин өмүрү кыйылдыАзербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айттыПенсиянын топтомо бөлүгү турак жай сатып алууда да бериле баштайтКаракол: Армиядагы зомбулук тууралуу маалыматты УКМК текшере баштадыОшто акча уурдоого шек саналган курьер изделип жатат ЖАК акыркы беш жылда абактарда 23 киши өз жанын кыйганын билдирди