Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:29

Бала бакчаларда тамак-ашты каржылоо мыйзамы биринчи окуудан өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Элвира Сурабалдиева, Нурлан Азыгалиев баштаган депутаттар тобу мамлекеттик бала бакчаларды тамакты буга чейинкидей эле өкмөттүн эсебинен берүү мыйзам долбоорун сунуштаган.

Парламенттин 7-февралдагы отурумунда депутат Элвира Сурабалдиева мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерде балдардын тамак-ашын ата-энелерге жүктөп коюуга болбосун айтты.

"2023-жылы парламентке эки мыйзам долбоору келген. Бири өкмөттүн сунуштаган мыйзамы, анда өкмөт бала бакчалардагы балдардын тамак-ашын ата-энелерге гана жүктөп койгон. Ушул мыйзам депутаттар сунуштаган башка мыйзамга экинчи окууда бириктирилип, добуш берилип өтүп кеткен. Бирок буга коомчулук катуу каршы турду, аны баарыңыздар көрдүңүздөр. Биз ошол мыйзамды кайрадан өзгөртүп, сунуштадык".

Элвира Сурабалдиева былтыр августта кабыл алынган мыйзамда "мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мамлекеттин, демөөрчүлөрдүн, ата-энелердин каражатынан балдарга тамак-аш берилет" деген пунктта "ата-энелердин каражатына берилет" деген жери гана сакталып, калганы алынып салганын белгиледи.

Депутат Дастан Жумабеков президент Садыр Жапаровдун "Кыргызстанда билим берүүчү мекемелерде, бала бакчаларда ата-энелерден акча чогултулбасын" деген жарлыгын эске салды. Ал бала бакчалардагы тамак-аш үчүн "ата-энелер акча төлөшү керек" деген бөлүктү алып салууну сунуштады.

Мыйзамдын автору мамлекеттин чамасы чак болуп турган чакта баарын мамлекетке жүктөө мыйзамдын иштешине жолтоо болот деп белгиледи.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбооруна дагы сунуштар бар экенин белгилешип, 1-окуудан кабыл алышты.

Былтыр күзүндө Финансы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген. Министрлик буга 11-августта "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын негиз кылган.
Мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктунда "мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат" деп жазылган.

Бул маалымат коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү сунушташкан.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG