Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат

Азербайжан. 2024-жылдын 5-февралы.

Бүгүн 7-февралда Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Оппозиция бул өнөктүккө катышуудан баш тарткан, ошондуктан азыркы мамлекет башчы Илхам Алиев жеңүүчү аталары шексиз экени белгиленүүдө.

Шайлоо кийинки жылы өтмөк, бирок былтыр Тоолуу Карабак Азербайжандын карамагына өтүп, Алиевдин популярдуулугу өскөн учурда ал добуш берүү мөөнөтүн эртелеткен. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) COP29 климаттык саммити быйыл Азербайжанда өткөнү жатканы да ал үчүн ыңгайлуу жагдай деп сыпатталууда.

Алиев өлкөнү 2003-жылы атасы Гейдар Алиевдин көзү өтүп, бийлик анын колуна өткөндөн бери башкарып келе жатат. Азыр Азербайжанда президент жети жылга шайланат, ал мөөнөтү бүткөндөн кийин деле шайлоого каалашынча катыша бере алат. Алиев ушуну менен бешинчи жолу президенттик шайлоого катышууда.

Илхам Алиев башкарган жыйырма жылдан бери өлкөдө саясий дискуссияларды чектеген мыйзамдар кабыл алынды– оппозиционер саясатчылар жана көз каранды эмес журналисттер камалды, камоолор айрыкча шайлоо алдында күчөп турат.

Азыркы президенттен тышкары быйылкы шайлоо бюллетендеринде дагы алты талапкер жазылды, алардын айрымдары Алиевди ачык колдоп, мактап жүргөндөр.

Негизги оппозициялык "Мусават" жана "Азербайжандын элдик фронту" партиялары шайлоого катышуудан баш тартышкан. Алар бул өнөктүктү демократиялык эмес деп аташкан.

"Көптөгөн журналисттер жана саясий активисттер түрмөдө отурушат. Өлкөдө саясий туткундардын саны эки жүзгө чамалады Шайлоо мыйзамдарында олуттуу кемчиликтер бар, шайлоо комиссиялары бийликтен көз каранды абалда турат", – деди Associated Press агенттигине «Мусават» партиясынын лидери Ариф Гаджилы.

Шайлоо мурда Армения менен талашта болуп келген, былтыр күзүндө азери бийлигинин карамагына өткөн, жүз миңден ашуун армян улутундагы тургуну чыгып кетүүгө мажбур болгон Тоолуу Карабакта да уюштурулууда. Өзүн республика деп атап алган бул аймактын мурдагы жетекчилеринин көбүн Азербайжан камакка алган. (RK)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Ош шаарынын бюджетин көтөрүүнү талап кылдыПрезидент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айттыУкраина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылдыГазада кармаш уланууда, Блинкен Израилге барды