Ошто акча уурдоого шек саналган курьер изделип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы банктардын биринин жетекчилиги жалпы 8 миллион сомдон ашык акча каражаты жоголгону тууралуу арыз менен кайрылганын шаардык милиция билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) шектүү катары акча ташыган курьерге издөө жарыялады.

Маалыматка караганда, 3-январь кунү курьер банктын шаардагы филиалдарынан акча чогултуп, башкы кеңсесине алып барып тапшырган. Банк жалпы 7,5 миллион рубль, 7,6 миң евро жана 11 миң доллардын эсебин таппай калган.

Буга чейин Араван районунда “Кыргызстан” коммерциялык банкынын банкоматын белгисиз атуулдар талкалап, ичиндеги 904 300 сомду алып кетишкен. Андан мурдараак ушул эле банктын Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан банкоматын белгисиз адамдар талкалап, 1 млн. 500 миң сомду алып кетишкен. Буга шектүү катары эки адам кармалган.

Ага дейре милиция Ошто жеке менчик кеңселердин биринен 4 млн. 706 миң сом уурдаган эки кишини кармаган. (DSh/ZKo)

Дагы караңыз

"Алиев өзү менен өзү атаандашат". Авторитардык династиянын үстөмдүгүЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдүТүркияда кыргыз тилин жайылтуучу борборлор уюштурулатАлты жылда 3 миңден ашык адам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулганМинистрлик Кыргызстандын паспортун ортомчулардан албоого чакырды