Кыргызгидромет агенттиги 7-9-февраль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордогу жолдордо кар көчкү болушу мүмкүн экенин эскертти. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.
8-февралда түнкүсүн дээрлик бардык облустарда, жамгыр, кар жаайт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде катуу жаан-чачын болушу ыктымал. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр карга айланат. Жолдорго муз тоңот. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат, күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин шамал болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндуз 5...10;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндуз -1...-6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-27, күндүз -5...-10°;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3°, кар жаайт, күндүз 3…5°, жамгыр жаайт.
Дагы караңыз
Караколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты Коомдук транспорттогу GPS-трекерин өчүрүп койгон айдоочуларга сөгүш берилди“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынды