Мадумаровдун иши боюнча 34 күбө суралды

Адахан Мадумаров Биринчи Май райондук сотунда. 23-январь, 2024-жыл.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун сотунда 34 күбө суралды. Бул тууралуу Мадумаровдун адвокаты Ольга Жукова билдирди.

“Күбөлөрдүн баары Адахан Мадумаровду жактап, көрсөтмө берип жатат. Ошондуктан биз бүгүн эки өтүнүч келтиребиз. Мадумаровду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып беришин соттон өтүнөбүз. Андан тышкары иштен “жашыруун” деген грифин алып салууну өтүнөбүз. Бул ишке мындай грифти берүүгө негиз жок. Анткени Мадумаров ошол кезде кол койгон протокол бардык ачык булактарда бар, күбөлөр да Мадумаровду колдогон көрсөтмө берип жатышат”,- деди адвокат Ольга Жукова.

Соңку үч аптадан бери Мадумаровдун иши боюнча күбөлөр суралууда. Баш-аягы 65 күбөнүн 34ү суралып бүттү.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов, парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы биринчи орун басары Эмил Шерматов күбө катары көрсөтмө берген.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Адахан Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Саясатчыны былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.(KS/ZKo)

Дагы караңыз

Сот 24.kg агенттигинин өтүнүчүн канааттандырган жокЖЭБдеги кырсык: Түркияга которулган бейтаптардын абалы оор бойдон калууда ЖАМКнын Тергөө башкармалыгы Абдылдаевдин өлүмү боюнча иш козгоодон баш тарттыКыргызстандын энергетика тармагына быйыл эки эсе көп каражат бөлүнөтБританиянын падышасы Чарльз III рак илдетине чалдыктыОрусия Европага кол салышы мүмкүнбү?