Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ЖЭБдеги кырсык: Түркияга которулган бейтаптардын абалы оор бойдон калууда


Түркияга жеткирилген төрт кыргызстандык бейтап Адана шаардык ооруканасында дарыланууда. Сүрөт Haberler.com сайтынан алынды.
Түркияга жеткирилген төрт кыргызстандык бейтап Адана шаардык ооруканасында дарыланууда. Сүрөт Haberler.com сайтынан алынды.

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылуудан жабыркаган абалы оор эки жумушчу жана 17-январда Бишкектеги "Фрунзе-1" авиабазасында аскердик тик учак кулаганда жаракат алган эки аскер ушул тапта Түркиянын Адана шаардык ооруканасында дарыланууда.

Бул тууралуу 5-февралда Haberler.com сайты маалымат таратты. Портал оорукананын күйүк бөлүмүнүн профессору Корай Даш ЖЭБдеги авариядан жабыркаган бейтаптардын абалы оор экенин билдиргенин жазды.

"Чындыгында жаракаттары оор. 60% ашыгы 3-даражадагы күйүк. Биз аларды кечиктирбестен дарылай баштадык. Учурда бул бейтаптарды хирургиялык, медициналык дарылоо иштери жүрүп жатат. Дарылоо узакка созулат", - деп билдирди түрк дарыгери.

Ал эми Адана шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Мехмет Волкан Харпут тик учак кырсыгында жаракат алган эки кызматкер азыр хирургиялык кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатканын, абалы туруктуу экенин кабарлады.

Кыргызстандык төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга жеткирилген. Ага чейин Бишкекке Түркиядан дарыгерлер келип, атайын консилиумдун жыйынтыгында жабыркаган эки адамды Түркиядагы атайын ооруканага которуу чечими кабыл алынган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болгон. Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат.

Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берген. (ElB)

XS
SM
MD
LG