Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кыргызстандын энергетика тармагына быйыл эки эсе көп каражат бөлүнөт


Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы быйыл Кыргызстандын энергетика тармагына 2023-жылга салыштырмалуу эки эсе көп каражат бөлүнөрүн билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр бул тармакка бюджеттен 33,2 млрд сом сом бөлүнсө, быйыл 74 млрд сом каралды.

Анын ичинен 55,8 млрд сом “Электр станциялары” менен “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканаларынын уставдык капиталын көбөйтүүгө, 7 млрд сом күз-кыш мезгилине даярдык үчүн бөлүнөт. Калгандары башка иштерге пайдаланылат.

Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт/саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт/сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйындан төлөйт. (BTo)

XS
SM
MD
LG