Бренддерди өзгөртүп, мыйзамсыз товар саткандарга 300 миң сом айып пул салуу сунушталды

Депутат Марлен Маматалиев Кыргызстандагы белгилүү “Шоро”, “Куликов”, “Бигсер” компанияларынын бренддерин аткезчилер өзгөртүп, пайдаланып жаткан мисалдарын көрсөттү. 5-февраль, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 5-февралдагы отурумунда бренддердин аталышын өзгөртүп, мыйзамсыз товар сатууга аракет кылгандарга, аткезчилик менен иштегендерге жана контрафакт товарларын саткандарга жазаны күчөтүү мыйзамы каралды.

Депутат Марлен Маматалиев сунуштаган долбоор Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт. Анда мындай фактылар аныкталган учурларда 300 миң сомго чейин айып пул салуу каралууда.

Маматалиев өз баяндамасында "кээ бир адамдар Кыргызстандын белгилүү компанияларынын аталыштарынын бир тамгасын өзгөртүп, алардын товарын Кытайдагы цехтерде же Кыргызстандагы көмүскө жайларда жасатып, мыйзамсыз сатып жатканын" белгиледи. Депутат "мындай фактылар аныкталган маалда алар аз айып пул менен кутулуп, кайра эле өз аракеттерин улантып жатканын" тактады.

Мыйзамдын автору долбоорду коргоо учурунда келтирген презентацияда Кыргызстандагы белгилүү “Шоро”, “Куликов”, “Бигсер” компанияларынын бренддерин аткезчилер өзгөртүп, пайдаланып жаткан мисалдары келтирилди.

Депутаттар Эмил Токтошев менен Элвира Сурабалдиева да бул мыйзамды колдой турганын айтышты. Токтошев “соттошуулар жылдарга созулуп кетип жатканын” маалымдаса, Сурабалдиева “бренддерди жасалмалоодон улам белгилүү фирмалар банкрот болуп жатканын” кошумчалады.

Башкы прокурордун бир орун басары Үмүткан Коңкубаева азыркы мыйзамда бренддин аталышын бурмалоого 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин айыппул каралганын белгилеп, мыйзам бузуучулар аны төлөп коюп ишин улантып жатканын билдирди. Ал Башкы прокуратура айып пулду көтөрүүгө каршы эмес экенин, бирок мыйзам эксперттик топто каралып чыгышы керектигин айтты.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда дээрлик бир добуштан колдошту. Жыйында документ кийинки отурумга качан чыгарылары айтылган жок. (ErN)

Дагы караңыз

Төрт айда кыргыз-тажик чек арасынын 196 чакырымы такталганы кабарландыАКШ Сенаты Украинага жана Израилге жардам боюнча макулдашылган мыйзам долбоорун жарыялады11 журналисттин иши: Сот Султаналиевди, Тажыбек уулун камакта калтырдыТүркмөнстан жөнөткөн суюлтулган газ Кыргызстанга келдиЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү көбөйттү2023-жылы ЕЭАБдеги бажы алымдарын бөлүштүрүүдө дээрлик 24 млрд сом Кыргызстанга тийди