Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:16

ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү көбөйттү


Кыргызстандын энергетиктери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын энергетиктери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) соңку кырсыкка байланыштуу Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү көбөйттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен 3-февралда телефондон сүйлөшүп, Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды талкуулашкан. Анда Кулубаев казак тарапка колдоосу үчүн, анын ичинде Жамбыл райондук мамлекеттик электр станциясынан (ГРЭС) электр энергиясын жеткирүүнү көбөйтүү боюнча ыкчам чечим кабыл алынганына ыраазычылык билдиргени айтылат.

Казакстандын ТИМинин билдирүүсүндө алар Кыргызстанга буга чейин канча көлөмдө электр энергиясын берип жатканы, азыр канча көлөмдө берип жатканы такталган эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз маалыматында Жээнбек Кулубаевдин казак кесиптеши Мурат Нуртлеу менен актуалдуу маселелер жөнүндө сүйлөшкөнүн билдирген. Анда Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү көбөйткөнү жазылган эмес.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 5-февраль түшкө чейин берген маалыматка ылайык, ысык сууну берүү 70% калыбына келтирилген.

Кыргызстан Борбор Азия энергошакекчеси аркылуу Казакстандан электр энергиясын алып-сатып турат. Кайсы бир бөлүгүн сатып алса, кайсы бир бөлүгүн кайра товар алмашуу жолу менен төлөп турат.

2023-жылы Кыргызстандын өзүндөгү тартыштыкка байланыштуу Түркмөнстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан 3,8 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландаган. Улуттук статистика комитетинин былтыр декабрдагы маалыматына ылайык, мунун көбү – 1,6 млрд кВт/сааты Түркмөнстандан алынган. Ошол маалга карата Казакстандан 832,9 млн кВт/саат, Орусиядан 326,5 млн кВт/саат сатып алынган жана Өзбекстандан 145,6 млн кВт/саат товар алмашуу түрүндө алынган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев мурдараак Кыргызстан 2024-жылы аталган өлкөлөрдөн 3 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландап жатканын маалымдаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG