Караколдо көк бөрүдөн жаракат алган жигит комага түшүп калды

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок. Иллюстрациялык сүрөт.

5-февралда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирде 24 жаштагы улакчы башынан катуу жаракат алып комага түшүп калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Чыңгыз Урманбетов билдирди. Бейтап ооруканага “Тез жардам” менен алынып келген.

“2000-жылы туулган улакчы башынан катуу жаракат алыптыр. Азыр абалы оор. Ага тезинен операция жасалышы керек. Башына кан уюп калган”, - деди дарыгер.

Каракол шаарындагы ат майданында көк бөрү боюнча облустук тандоо мелдеши өтүп жатат. Ага облустагы райондордон келген алты команда катышууда. Аны уткан команда 19-20-февралда Бишкекте өтө турган республикалык турнирге катышат.

Кыргызстанда буга чейин да улакчылар көк бөрү оюнунда катуу жаракат алып ооруканага түшкөн учурлар болгон. (AsK)

Дагы караңыз

ӨКМ Бишкек ЖЭБиндеги жарылуунун очогу аныкталганын билдирдиМинистрлер кабинети арактын баасын жөнгө салган токтом кабыл алдыТүркмөнстан Кыргызстанга жардам иретинде суюлтулган газ жөнөттүТүркмөнстан жөнөткөн суюлтулган газ Кыргызстанга келдиБишкек шаардык соту Капаров менен Тажибек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп таптыЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү көбөйттүЖЭБдеги кырсык: Министр ысык суу берүү 70% жеткенин айтты