Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Бишкек шаардык соту Капаров менен Тажибек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп тапты


Кармалган журналисттер.
Кармалган журналисттер.

Бишкек шаардык соту "Темиров Live" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Чечим 5-февралда чыгарылды.

Ушул эле сотто "Темиров Live" каналынын мурдагы журналисти, "Алга медиа" каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун да кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Капаров өзүнө коюлган айыпты "абсурд" деп атады.

Ушул тапта сотто башка журналисттердин иши каралууда.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Милиция алар “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кармалганын билдирген. Журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгон.

“Темиров LIVE” каналын Кыргызстандан күч мен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров негиздеген. Махабат Тажибек кызы анын жубайы.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (SE)

XS
SM
MD
LG