Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бейтаптардын укугун жеринен коргоо максатында Республикалык психиатрия жана наркология борборунун (РПНБ) имаратына көчүрүлдү. Укук коргоочуларга ооруканадан үч бөлмө бөлүнүп берилди. Аталган институттун басма сөз кызматы билгилегендей, укук коргоочулар бейтаптарга катаал жана адамгерчиликсиз мамиле жасоого жол бербөө үчүн туруктуу түрдө мониторинг жүргүзүшөт жана жарандарга юридикалык жардам көрсөтүшөт.
Маалыматка караганда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталген мекемеге барып, бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты. Анын айтымында, соңку кезде бейтаптардан укуктарынын бузулуп жатканы тууралуу арыздар азайып кеткен.
Акыйкатчы институтунун психиатриялык ооруканаларда жаткан бейтаптардын укугун коргоо кызматы буга чейин 2009-жылдан 2020-жылга чейин РПНБнын имаратында иштеп келген. Төрт жыл мурда кызмат Акыйкатчынын имаратына которулган.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, 2019-жылы аталган кызмат 100 кайрылууну караса, 2023-жылы алардын саны 8ге түшкөн.
"Мындай статистика тынчсызданууну пайда кылат. Анткени психиатриалык бузулуулар менен жабыркаган бейтаптар аялуу жана алар катаал мамиле, ал тургай кыйноого кабылып калышы мүмкүн. Мындан улам туруктуу негизде алардын шарттарын мониторинг кылуу аркылуу укуктарын коргоону күчөтүү керек”, - деген Жаманбаева.
Буга чейин Акыйкатчы институту "Республикалык балдар психиатриялык ооруканасындагы балдардын укугу" аттуу атайын баяндама жасаган. Анда Кыргызстанда психикалык оорулардан жабыркаган алты миңден ашык бала катталганы, алардын реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн экени айтылган. Баяндамада айрым ата-энелер мындай балдарын каттоого тургузгусу келбей турганы белгиленген. (КЕ)
Дагы караңыз
11 журналисттин иши: Азамат Ишенбеков айыптарды четке кактыПрезидент Жапаров жылуулук борборунда жабыр тарткандардан кабар алдыЖЭБдеги авария: Бишкектеги 9 кичи районго жылуулук берүү токтотулдуЖалал-Абадда жаңы автобустар кайрадан каттамга чыкпай калды