БШК Эмил Жамгырчиевдин мандатын алуу маселесин карайт

Эмил Жамгырчиев, 2024-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча маселени карайт. Бул тууралуу Боршайкомдун күн тартибинде жазылган.

Ушул эле күнү Токтобүбү Оргалчаны “Альянс” cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө маселе да талкууланат.

24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Токтобүбү Оргалчанын ысымы 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган. Борбордук шайлоо комиссиясы анда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун чукул өзгөрткөн. Анын негизинде “Альянс” партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны депутат кылып каттаган. Бул коомчулукта талаш-талкуу жаратып, сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Былтыр 31-октябрда “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыкканы белгилүү болгон. (BTo)

Дагы караңыз

ЖЭБдеги авария: Бишкектеги 9 кичи районго жылуулук берүү токтотулдуБишкектеги ооруканаларда пландык операциялар убактылуу токтотулганы айтылдыАлагөзов ЖЭБдеги кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин айттыМинистр Ажикеев: ЖЭБде диверсия болгон деген да божомол барЖЭБдеги авария: ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилдиӨКМ ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтириле турганын айттыБишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяландыБишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болду