Бишкектеги ооруканаларда пландык операциялар убактылуу токтотулганы айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги ооруканаларда алдын ала белгиленген, пландалган операциялар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов 2-февралда маалымат жыйынында билдирди.

"Бардык ооруканалар штаттык режимде иштеп жатат. Бирок пландуу операцияларды убактылуу токтоттук. Ооруканага жаткырууну дагы убактылуу токтотуп жатабыз. Дүйшөмбү күнү абал такталгандан кийин кадимки режимге түшөт. Ыкчам кызмат, амбулатордук кабыл алуу кадимки режимде иштеп жатат", - деди министрдин орун басары.

Исмаилов төрөт үйлөр боюнча маалымат топтолуп жатканын, зарыл болгон учурда төрөт залдарын электр энергиясы менен жылытуу каралышы ыктымал экенин кошумчалады.

Бишкекте 20 оорукана бар. Анын 11и улуттук, 9у шаардык ооруканалар. Алардын арасында төрөтканалар дагы бар.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады. Саламаттык сактоо министрлиги алардын экөөнүн абалы оор экенин билдирүүдө. Күйүктөр бөлүмүндө жаткан бир адамдын абалы туруктуу. Экөө текшерүүдөн соң үйлөрүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Энергетика министрлиги шаардын жылуулук режимин камсыз кылуу максатында айрым объекттерге ысык суу берүүгө чектөө киргизилгенин билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖЭБдин иши болжолдуу 5-7 күндө калыбына келтиреле турганын айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Алагөзов ЖЭБдеги кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин айттыМинистр Ажикеев: ЖЭБде диверсия болгон деген да божомол барЖЭБдеги авария: ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилдиБишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды