Кыйноолорду алдын алуу борбору абактагы журналисттерден кабар алды

16-январда жапырт камалган журналисттер. 2024

Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына (СИЗО-1) эки күн мурда которулган 11 журналисттен кабар алды. Рысбеков тергөө абагына 30-январда кирип чыкканын, журналисттер карантинде экенин, камераларга которула электигин "Азаттыкка" билдирди. Журналисттер кайсы бир маселени көтөрүп, кармоо шарттары боюнча арызданган эмес.

16-январда жапырт кармалган журналисттер Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 29-январда которулган.

Мунун алдында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырган.

Анда Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясынын 1-беренесине ылайык, сот чечими чыкканына карабай журналисттерди милициянын убактылуу кармоочу жайында кармоо кыйноо катары баалана турганы айтылган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Соттун бул чечимине каршы адвокаттардын аппеляциялык арызы Бишкек шаарында 1-февралдан тарат карала баштайт.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттердин кармалышын айыптап, аларды тез арада бошотууга чакырууда.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берип, камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген. (КЕ)

Дагы караңыз

АКШнын үч аскеринин өлүмүнө шектелип жаткан топ чабуулдарын токтоторун билдирдиСтатком: миграцияга кеткендердин көбү Баткен, Жалал-Абад, Таласка туура келетБир жыл бою алимент төлөбөгөн ата-энелерди абакка кесүү сунушталдыТашиев кырсыкты алдын алууда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады