Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Ташиев кырсыкты алдын алууда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады


Камчыбек Ташиев ӨКМга техника тапшыруу учурунда. 31-январь, 2024
Камчыбек Ташиев ӨКМга техника тапшыруу учурунда. 31-январь, 2024

Бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 28 даана атайын техника тапшырылды. Анын 10у Беларустан алынып келинген БЕЛАЗ-7540Б үлгүсүндөгү чоң самосвал. Ошондой эле 4 заманбап медициналык, 4 өрт өчүрүүчү машина жана башка заманбап куткаруучу техника, жабдуулар берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жабдууларды тапшыруу учурунда куткаруу шаймандарын алууга республикалык бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Ал акыркы үч жылда министрликтин карамагына 700дөн ашык заманбап унаалар берилгенин кошумчалады.

Ташиев өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну сунуштады. УКМК башчысы табигый кырсыктар, анын ичинде жер титирөөлөр жакындап келе жаткандыгы жөнүндө эртерээк эскертүү берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында беш балл, Бишкекте төрт балл, Ташкентте үч балл болгон.

Жергиликтүү тургундар жер титирөө боюнча Android платформасындагы телефондорго эрте билдирүү келгенин жазышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG