Зулушев кылмыштуу топко тиешеси бар бир тергөөчү иштен алынганын билдирди

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев.

Башкы прокуратура кызматкерлеринин арасынан уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени айтылып Ош шаардык аскер горнизонунун тергөөчүсү кызматтан алынды. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев 31-январда маалымат жыйында билдирди. Маалыматка караганда, анын кайнатасы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгону аныкталып, тартип комиссиясы ушундай чечим кабыл алган.

Зулушев ал уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар кызматкерлерди тазалоо ишинин алкагында көзөмөл органында иштен алынган жалгыз киши болгонун белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Чүйдүн Кемин районундагы атайын кызматтын бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы болгонун айткан.

Ал учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар делген 202 кызматкер иштен алынганын, алардын 50сү бажы кызматкери экенин тактаган.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Дагы караңыз

Зулушев Көлбаевдин өлтүрүлүшүндө мыйзам бузуу аныкталбаганын айттыКыргызстанда маңзатка көз каранды 7500 киши катталган, арасында өспүрүмдөр барОрусияда абакта жаткан 500гө жакын кыргыз жараны өлкөгө которулуудан баш тарттыБылтыр балдарга каршы 1800дөн ашык кылмыш жасалган