Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Былтыр балдарга каршы 1800дөн ашык кылмыш жасалган


Балдарга зомбулук кылууга каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2023-жыл.
Балдарга зомбулук кылууга каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2023-жыл.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалганын билдирди. Бул тууралуу ал 31-январда прокуратура органдарынын өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.

Балдарга жана аялдарга каршы зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да белгилеген. Ал былтыр 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG