Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:49

Кыргызстанда маңзатка көз каранды 7500 киши катталган, арасында өспүрүмдөр бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Республикалык норкологиялык борборунда 7,5 миңден ашуун адам каттоодо турат. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев жалпы жыйынында маңзат соодасына байланыштуу баяндама жасап жатып билдирди. Эл өкүлү көп адамдар жеке менчик клиникаларга бара турганын белгилеп, маңзат колдонгону үчүн дарылангандардын саны көрсөтүлгөн сандан алда канча көп болушу ыктымал экенин белгиледи.

Анын айтымында, маңзат колдонгон адамдардын саны боюнча Бишкек биринчи орунда турат.

Депутат мунун алдында дарыканаларда күчтүү таасир берүүчү психотроптук заттар ачык сатылып жатканын сындаган. Ал өлкөдөгү абактарда соттолгондор психотроптук заттарды "дарыланышым керек деген негизде алдыртып колдонуп жатышканы иликтөөдө аныкталганын" билдирген.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8 500 адам бар деп эсептеген.

“Сорос Кыргызстан” фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65% 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG