Бишкектеги Республикалык норкологиялык борборунда 7,5 миңден ашуун адам каттоодо турат. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев жалпы жыйынында маңзат соодасына байланыштуу баяндама жасап жатып билдирди. Эл өкүлү көп адамдар жеке менчик клиникаларга бара турганын белгилеп, маңзат колдонгону үчүн дарылангандардын саны көрсөтүлгөн сандан алда канча көп болушу ыктымал экенин белгиледи.
Анын айтымында, маңзат колдонгон адамдардын саны боюнча Бишкек биринчи орунда турат.
Депутат мунун алдында дарыканаларда күчтүү таасир берүүчү психотроптук заттар ачык сатылып жатканын сындаган. Ал өлкөдөгү абактарда соттолгондор психотроптук заттарды "дарыланышым керек деген негизде алдыртып колдонуп жатышканы иликтөөдө аныкталганын" билдирген.
Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8 500 адам бар деп эсептеген.
“Сорос Кыргызстан” фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65% 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн. (КЕ)
Дагы караңыз
Былтыр балдарга каршы 1800дөн ашык кылмыш жасалган Сокулукта жер коррупциясына шектүүлөр эки айга камалдыОрусияда интернет үзгүлтүккө учурады, бул тарыхтагы эң ириси деп баалануудаҮч айда психотроптук заттарды саткан алты дарыканага айып пул салынган