Үч айда психотроптук заттарды сатканы аныкталган алты дарыканага айып пул салынды. Мындай көрүнүш кайра кайталанса алардын лицензиясын алуу маселеси каралат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин 31-январдагы жыйынында билдирди. Парламентте ушул күнү Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев өспүрүмдөр арасында маңзат колдонуу көйгөйү күчөп жатканын белгилеп, чоң баяндама жасады. Ал дарыканаларда күчтүү таасир берүүчү заттар ачык сатылып жатканын сынга алды.
"Дарыканаларга өспүрүмдөргө күчтүү психотроптук заттарды сатууну токтотуу, аларды саткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана интернетте көзөмөлсүз ачылып жаткан дүкөндөргө убагында бөгөт коюуну сунуштайм. Бул 21-кылымдын оор кылмыштары, кибер кылмыштуулук абдан татаал болуп жатат. Бир интернет дүкөнүн соттун санкциясы менен жапкандан кийин дагы бир тамгасын өзгөртүп кайра ачып алып жатат. Бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын, IT адистердин жардамын пайдаланыш керек. "
Алиев улам жаңы аталыштагы психотроптук заттар чыгып жатканын белгилеп, тийиштүү мекемелер алардын тизмесин жаңылап турушу зарылдыгын айтты.
Жыйынтыгында бул көйгөй боюнча күрөштү күчөтүп, алдын алуучу чараларды көрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Бул маселе 30-январда парламенттин тармактык комитетинде дагы каралган. Анда Алиев маңзат соодагерлери борбор калаадагы имараттарга боёктор менен синтетикалык заттарды жарнамалап жазып жатканын айткан.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жыйында соңку жылдары синтетикалык каражаттарды жайылтуу чоң маселеге айланганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, былтыр бул боюнча 1 миң 314 кылмыш иши козголуп, 825 киши жоопко тартылган. Мындан тышкары маңзат соодасын жүргүзгөн 13 интернет дүкөнү жабылган.
Кылмыш-жаза кодексинде маңзат соодасына аралашкандарга мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылы 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.
Дарыгерлер соңку жылдары Кыргызстанда “дарыкана баңгилиги” күчөп, адамдар, айрыкча өспүрүмдөр маңзат катары кадимки дарыканада сатылуучу атайын каражаттарды көп колдоно башташканын, анын кесепети оор экенин белгилеп жатышат.
Маңзат соодасы интернетте ачык эле жүрүп жатканын “Азаттык” иликтеп, системалашкан кылмыштуу бизнес кантип иштей турганын көрсөтүп берген.(КЕ)