Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:32

Сокулукта жер коррупциясына шектүүлөр эки айга камалды


Сокулук. Иллюстрациялык сүрөт.
Сокулук. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районунда жер коррупциясына шек саналып кармалган тогуз кишинин алтоо эки айга камалды. Калган үчөө үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Семетей-Интер" фондунун мүчөсү Ынакгүл Мураталиева "Азаттыкка" ырастады.

"Сот 27-январда тогуз адамдын бөгөт чарасын карап, башкы жер саткандарды үй камагына чыгарып жибериптир. Бүгүн эми сот чечимине нааразы болгон адамдар биздин кеңсеге келип атышат, ушул тапта 120дай киши келди. Алар сот тигилерди кайра камасын деп талап кылып жатышат", - деди ал.

Чечим чыгарган Сокулук райондук соту азырынча комментарий бере элек.

Чүй облустук милициясы Сокулуктагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдө, кайра каттоодо коррупциялык фактылар аныкталганын 27-январда билдирген. Кылмышка шек саналып тогуз киши кармалганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, 2022-жылы Новопавловка айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутаттары жана "Семетей-Интер" коомдук фондунун адамдары менен сүйлөшүп, жер комиссиясын түзүшкөн. Анын негизинде тургундарга турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча жалган тизме түзүлүп, Семетей конушунан 338 жаранга жер тилкелери берилген. Буга чейин бул жер тилкелери Новопавловка айыл округунун 2011-жылдагы токтомуна ылайык башка жарандарга бөлүнүп берилген.

Натыйжада милиция сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козгогон. Шектүү катары Новопавловка айыл аймагынын башчысынын орун басары Т.Н, ушул аймактын жер боюнча адиси С.А., айылдык кеңештин мурдагы төрт депутаты, "Семетей-Интер" фондунун үч мүчөсү кармалган.

Семетей конушунун тургундары, жабыркагандар күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну өтүнүп, Ички иштер министрлигине арызданган.

Шектүү тараптын жакындары, адвокаттар маалымат бере элек. (ZKo/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG