АКШ Иорданияда набыт болгон үч аскеринин аты-жөнүн атады

Сержант Уильям Риверс (солдо), адис Бреона Моффетт (ортодо) жана адис Кеннеди Сандерс.

Кошмо Штаттар Иорданияда учкучсуз учактын чабуулунан мерт кеткен үч аскер кызматкеринин аты-жөнүн жарыялады. Вашингтон бул чабуулга Иран колдогон күчтөр айыптуу деп жарыялап, сөзсүз жооп чаралары көрүлөрүн билдирген. Пентагон кол салуунун артында Тегеран каржылаган күчтөр, Ирактагы «Катаиб Хезболла» кошууну турарын белгилеген.

Мерт кеткен аскерлер – Пентагондун маалыматына караганда – 24 жаштагы Кеннеди Сандерс, 46 жаштагы сержант Уильям Риверс жана 23 жаштагы адис Бреона Моффетт.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 29-январда өлкө президенти Жо Байдендин үч кишинин өмүрүн алган, ондогон аскер кызматкери жараат алган кол салууну уюштургандар жазага тартылары тууралуу билдирүүсүн бекемдеген.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча рамсий өкүлү Жон Кирби «Биз Иран менен согушууга умтулбайбыз» деп билдирген, бирок аскерлерге жасалган чабуулду чыңалууга түрткү болчу, жооп кайтарыла турган окуя катары мүнөздөгөн.

Иран бул окуяга эч тиешеси жоктугун айтууда. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги АКШнын айыптоосун негизсиз деп атаган. Мекеменин өкүлү Нассер Канаани аймактагы «каршылык кошуундары» Тегеранга баш ийбей турганын айткан.

Көптөгөн байкоочулар АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюму Израилге кол салган окуядан кийин израилдик армия ага каршы баштаган согушу Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалашына алып келиши ыктымал экенин, Израилди колдогону үчүн АКШ аймактагы согушкер топтордун бутасына айланганын белгилешкен. Былтыр 7-октябрдагы кол салуудан Израилде бир күндө кеминде 1 200 адамдын өмүрү кыйылган, жүздөгөн адам барымтага алынган, Газа секторунун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси согуштун айынан 26 000 палестиналыктын өмүрү кыйылганын билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен кыз Бишкекке которулдуЖалал-Абад: Стадиондун жанындагы кафенин Бакиевдерге тиешеси териштирилип жататУлуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды"Чет элдиктер 60 күндөн ашык жүрсө виза алышы керек"