Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды


Улуттук банктын имараты.
Улуттук банктын имараты.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик ченди 13% деңгээлинде калтыруу чечими 30-январда күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстанда жылдык инфляциянын көрсөткүчү былтыр 7,3, быйыл 19-январга карата 5,9% болгонун маалымдады.

“Инфляция түзүмүндө баалардын өсүшүнүн басаңдашы азык-түлүк товарларында байкалат. Азык-түлүк бааларынын кымбатташынын динамикасы 2022-жылынын аягында 15,8% болсо, быйыл январда 1,9% чейин төмөндөгөн”.

Карабаева өлкөдө ички валюталык абал туруктуу экенин, былтыр Улуттук банк бул багытта 14 жолу интервенция жүргүзүп, анда жалпы 655,7 миллион АКШ долларын сатылганын билдирди.

Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG