Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Жалал-Абад: Стадиондун жанындагы кафенин Бакиевдерге тиешеси териштирилип жатат


Курманбек стадионунун жанындагы Бакиевдерге тиешелүү делген кафе.
Курманбек стадионунун жанындагы Бакиевдерге тиешелүү делген кафе.

Жалал-Абаддын борбордук Курманбек стадионунун жанындагы кафенин Бакиевдерге тиешеси бар-жогу териштирилип жатат.

Жалал-Абад шаардык “Кадастр” мекемесинин жетекчиси Эртабылды Ражапов сөз болуп жаткан кафе буга чейин 3-4 адамга өтүп, ушул тапта Алымбек Кыргызбаев деген кишинин наамында турганын, шаардын 1994-жылдагы картасы боюнча кафе жайгашкан жер муниципалдык аймак экенин айтты.

“Шаардын 1994-жылдагы картасы боюнча айтылып жаткан 1012 чарчы метр жер муниципалдык аймак. Ал азыр Алымбек Кыргызбаев дегендин наамында экен. Буга чейин 3-4 кишиге өткөн. Стадиондун карамагынан сырткары турат. Биз эски карта менен да караганы жатабыз”, - деди Ражапов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жакында эле Курманбек стадионун оңдоп-түзөө иштери менен таанышкан. Анда стадиондун жетекчиси Бакыт Рахман уулу " спорт жайдын тышындагы кафелердин бири Бакиевдин мүлкү экенин” айткан. Камчыбек Ташиев сотко берип, жерди мамлекетке кайтарып алуу керектигин билдирген.

Бакыт Рахман уулу стадиондун карамагындагы жердин картасына сөз болуп жаткан кафе кирбегенин билдирүүдө.

1966-жылы курулган стадиондун жалпы аянты 3 гектар 75 сотых. (TB)

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга “Ала-Тоо” аянтында ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (TB)

XS
SM
MD
LG