Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен кыз Бишкекке которулду


Балыкчыда окуучу кызды милициянын машинеси сүзүп кеткен учур.
Балыкчыда окуучу кызды милициянын машинеси сүзүп кеткен учур.

Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен 12 жаштагы Фатима Акунова 30-январда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду.

“Азаттыкка” Балыкчы шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун директору Дамира Мусабаева билдиргендей, кызды реанимобиль менен алып кетишти. Дарыгердин айтымында, Фатимага Бишкекте операция жасалат. Кыздын ден соолугу жакшы деп бааланууда.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. Бул окуядан кийин кыздын атасы Максатбек Байгазиев коомчулуктан жардам сурап, кызын сүзүп кеткен милиция кызматкери жоопкерчиликтен качып кетүүгө аракет кылып жатканын айткан.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милициянын кызматкери Бекзат Казаков машинени ал айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, анын агасы - Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап баратканын айтып, ал “окуя болгон жерден качып кетти” деп нааразы болушкан.

Милиция кызды сүзүп кеткен машине Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа экенин ырастаган. Бул окуядан кийин ага-ини Бекзат Казаков менен Бектур Осмонбаев жумуштан бошотулуп, кийин камакка алынган. Ишти УКМК тергеп жатат.

Каракол шаардык соту 30-январда Бектур Осмонбаевди 26-мартка чейин камакка алды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” жана “Коркунучта калтыруу” беренелери менен айып коюлду.

Иниси Бекзат Казаков эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ишине тоскоолдук кылуу” беренеси менен кине тагылды.

Фатиманын атасы Максатбек Байгазиев бул окуяга шек саналып жаткан Бектур Осмонбаев менен Бекзат Казаковго тосмо арыз жазып берди. (AsK)

XS
SM
MD
LG