2021-жылы 28-январда президенттик кызматка киришип жатып, Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча мүдөөлөрүн жарыялаган эле:
“Урматтуу мекендештер, биздин бүгүнкү абалыбыз канааттандырарлык деп сыпаттагандан алысмын. Отуз жыл бою топтолгон 5 млрд долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин президенттигим башталган мезгилге туш келди. Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагы катастрофалык кырдаалга кептелиптир, 137 млрд сом (1,5 млрд доллар) карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын. Ошондуктан менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтылууга багытталат. Ал чараларды жүзөгө ашырууда эрки күчтүү элибиздин дем-күчү, колдоосу кубат берет деп терең ишенем”.
Андан бери арадан туура үч жыл өттү. Кыргызстандын экономикасында кандай өзгөрүүлөр болду? Калктын реалдуу жашоо-турмушу жакшырдыбы?
Капчык калыңдады, чыгым да өстү
Ушул күндөрү Садыр Жапаров президенттик кызматка шайлангандан берки үч жылдык мезгилде аткарылган иштер жана жетишилген ийгиликтер тууралуу мамлекеттик медиаларда макалалар жазылып, атайын берүүлөр көрсөтүлүп жатат.
Өкмөт негизги жетишкендик катары ички дүң өндүрүм 1 трлн сомдон ашканын, консолидацияланган бюджет 574 млн долларга жеткенин, бюджеттик кызматкерлердин маянасы менен пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөнүн кеп кылууда.
Муну менен катар үч жыл ичинде Кыргызстанда өнөр жай тармагында 60 ири ишкана ачылганын, 7700 туруктуу жумуш оруну түзүлгөнү жана “Кыргызиндустрия” компаниясы 20 ишкананы ачканы айтылат.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өкмөттүн 2023-жыл соңундагы жыйынында туура экономикалык саясат өлкөнүн кирешесин арттырганын белгилеген:
“Өлкө жетекчилиги өзүнүн саясий эрки менен бир топ олуттуу реформаларды жүргүздү. Мисалы, жер реформасы, инвестициялык климатты жакшыртуу багытында бир топ документтер кабыл алынды. Мындан тышкары, эң маанилүүсү – бул салык саясатын, фискалдык реформалардын жүрүшүндө биздин ички дүң продукциянын көбөйүшүнө жана анын ичинде салыктардын көбөйүшүнө түрткү бере турган Салык кодекси иштелип чыкты. Ошонун негизинде киреше бөлүгү көбөйгөн сайын бир топ олуттуу улуттук программа дагы ишке ашырылганына баарыбыз күбө болдук”.
Министрдин айтымында, бир катар эл аралык абройлуу уюмдар кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө оң баасын берип жатат. Евразия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта кору сыяктуу уюмдар үч жылдан бери божомолдордун так аткарылышы Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн белгиси экенин билдирип жатышат. Эл аралык валюта кору болсо кыргыз өкмөтүнүн фискалдык саясаты туура багытта баратат, фискалдаштыруу ишин улантуу экономиканын көмүскөдөн чыгышына олуттуу салым кошот деген корутундусун берген. Амангелдиев өкмөт алдына 2024-жылы 100 долбоорду ишке ашыруу планын койгонун билдирген эле.
Садыр Жапаров айткандай, өлкөнүн карызын кайтаруунун эң оор учуру анын башкаруусуна туш келди. Бирок өкмөттүн карыз алууну азайтып, кайтарууну көбөйтөбүз деген убадасына карабай, анын көлөмү улам өсүп келет.
Былтыр октябрь айынын соңуна карай Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 590 миң долларды түздү. Анын 74,7% тышкы карыз болсо, 25,3% ички карыз түзөт.
Мамлекеттик карыз үч жыл ичинде болжол менен 95 млрд сомго көбөйдү. Анын ичинен тышкы карыздын көлөмү 260 млн долларга (6%), ички карыз 73,5 млрд сомго же 218% өстү.
Ички карыздын 92% казыналык облигациялар аркылуу алынган. Алардын үстөк пайызы 14,5%-15,5% түзөт. Октябрь айынын соңуна карата өкмөттүн казыналык облигациялар аркылуу ички инвесторлордон алган насыясынын суммасы 124 млрд 750 млн сомго чейин жетти. Мамлекеттик облигациялык карыздын өсүшү 205% болот.
Өкмөт бюджеттик саясатта мамлекеттин казынасын көбөйтүү артыкчылыктуу багыт болуп жатканын белгилөөдө. Анүчүн көмүскө экономиканы ачыктоо, коррупцияны ооздуктоо жана салык төлөмдөрүн чогултууну күчөтүүгө өзгөчө басым жасалды.
“Импортко байланган экономика оорулуу”
Садыр Жапаров 2021-жылы 29-январда президенттигинин биринчи жумуш күнүндө эң маанилүү делген алгачкы беш жарлыгын чыгарган. Алардын катарында экономика жаатындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгы бар. Аталышы эле айтып тургандай, жарлык менчикти коргоону күчөтүп, мамлекеттин ишкерлер менен инвесторлордун экономикалык ишмердигине негизсиз кийлигишүүлөрүн токтотууга багытталган.
Буга карабай, ишкерлер мамлекет тарабынан басым көп болуп жатканын байма-бай айтып келет. 2022-жылы сентябрь айында Бизнес-акыйкатчы институту мамлекеттик органдардын ишкерлерге басымы боюнча даттануулар көбөйгөнүн билдирип, бийликке кайрылган. 2023-жылы күз айларында атайын кызмат бир катар ири компаниялардын жетекчилерин камакка алгандан кийин, ЖИА ассоциациясы дагы бийлик жетекчилерине кайрылуу жолдоду. Анда дагы президенттин жарлыктарына карабай, күчтүү басымга кабылган ишкерлер кооптонуу менен түшүнбөстүккө тушугуп турганы белгиленген.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков азыркы өкмөт ар кайсы жолдор аркылуу бюджетти толтуруп жатканы менен, иш жүзүндө "экономиканы илдет чулгап турганын" айтат:
“Экономикада өсүш болду деп эч кандай эсептей албайм. Себеби азыр Акылбек Жапаров “бюджетти толтуруп атам” дейт. Бюджетти ал эмне кылып толтурууда? Ал жаңы өндүрүштөрдү ачып же бизнести өнүктүрүп жатабы? Эч кандай жаңы өндүрүш ачылганын көргөн жокпуз, эч кандай бизнестин өнүгүп атканын көргөн жокпуз. Ал үч нерсе менен гана толтуруп атат. Биринчиден, импорт көбөйүп атат. Демек, бажыдан түшкөн төлөмдөр дагы көбөйүптүр. Бюджеттин толуп атышы финансист үчүн жакшы көрүнүш, бирок экономист үчүн трагедия да. Мисалы, мен үчүн трагедия. Мен экономистмин, Акылбек Жапаров болсо финансист. Ал үчүн бул жакшы көрсөткүч, а мен үчүн трагедия. Себеби импорттун көбөйүшү – бул экономика оорулуу дегенди билдирет. Ошону Акылбек Жапаров түшүнбөйт. Экинчиден, мына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “үч жылда УКМК 1 млрд 200 млн доллар каражатты бюджетке түшүрдү” дейт. Демек, жылына орточо алганда 400 млн доллар бюджетке түшүп аткан экен. Муну болсо Акылбек Жапаров өзүнө ыйгарып алып атпайбы. Бул түшкөн акчалар түбөлүк болбойт да. Бүт баары саалып, кусуп бүтүштү да. Бул булак түгөнүп калды. Себеби ири коррупционерлердин баары кусушту, УКТнын лидерлери кусушту, курулуш магнаттары кусушту. Эми кимдерди кустурат? Мугалимдерди, дарыгерлерди, маданият өкүлдөрүн кустурабы? Үчүнчүдөн, салыкты чогултууну көбөйтүп атат. Демек, ал бюджетти ушул үч булак менен эле толтурууда”.
Жапаровдун маанилүү чечимдеринин бири катары “Экономикалык мунапыс жөнүндө” жана “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамдардын кабыл алынышы да айтылат. Анын алкагында буга чейин мыйзамсыз жолдор менен мүлк топтогон жарандарга кирешелерин ыктыярдуу легалдаштырып алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Үч жыл ичинде канча жаран мүлктөрүн легалдаштырганы тууралуу маалымат ачык жарыяланган жок. Бирок ар кандай кылмыш иштери боюнча кармалып, "кустуруу жолу" менен мамлекетке каражат төгүп жатканы тууралуу ондогон фактылар жарыяланды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызмат үч жылдай мезгил ичинде казынадан уурдалган 1,2 млрд доллар каражатты мамлекетке кайтарганын жарыялаган.
Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев экономикалык реформалар айрым каршылыктарга карабай жүрө бериши керек деп эсептейт:
“Мамлекет ишкерлерге тийишпеши керек, бирок ишкерлер дагы салыкты өз орду менен төлөп турушу зарыл. Б.а. ишкерлер баары өз иш-аракеттерин бүт бойдон мамлекетке көрсөтүп турушу керек болот. Бул, албетте, эч кимге эч качан жакпайт. Каршы чыккан топтор болот, болуп атат. Бирок цивилизациялуу мамлекетте жашайбыз десек, ага барышыбыз керек. Ооба, ишкерлерге кыйын болот. Бирок дүйнө жүзүндө өнүккөн мамлекеттер ушундай жолду басып өткөн. Биз дагы ал жолдун башталышына келдик десек болот. Калктын реалдуу жашоосу өзгөрүп атат. Албетте, бир аз кымбатчылык, дүйнөлүк инфляциялык процесс болуп жатат. Андан кача албайбыз. Элдин жашоо деңгээлин сактоо же жогорулатуу үчүн эки эсе көбүрөөк эмгектениш керек болууда. Акыл эмгеги менен иштегендер акчаны жакшы таап атышат. Орточо үй-бүлөнүн сарптоолору 80 миңден 150 миң сомго чейин чыгып кетти. Квалификациясы жок кишилер, албетте, кыйынчылык тартып атышат. Негизи экономиканын темпи өсүп атат. Көрсөткүчтөр жакшы”.
Инвестициялык климат туруксуз
Өкмөт тоо-кен, энергетика, өнөр-жай жана туризм жаатында бир катар инвестициялык долбоорлорун жарыялап, ага инвесторлорду тартып жатканын билдирип келет. Арийне, алардын дээрлик баары тең алдыга карай батыл жылбай турат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк түз инвестиция 2022-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 303,7 млн долларга же 31,7% аз келди.
Инвестиция боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку директору Шумкарбек Адилбек уулу Кыргызстанга көбүнчө салган акчасын кыска мөөнөттө жана максималдуу пайда менен чыгарып алууну көздөгөн инвесторлор келерин айтат. Мындай учурда соода-сатык жана кайра иштетүү тармактарына каражат салышат.
Стратегиялык маанидеги инвесторлор кылдат даярданып, алдын ала көп изилдөөлөрдү жүргүзүп анан келет.
Эксперттин байкоосу боюнча, Кыргызстанга жыл сайын 100-120 компания инвестиция салуу мүдөөсү менен келет. Алардын инвестициясы орточо эсеп менен 5-7 млн долларга айланат. Бул Кыргызстандын экономикасы көлөмдүү долбоорлорду сунуштай албаганын жана аларды иштетүүгө инфратүзүмү жок экендигин билдирет.
“Базасы канчалык өнүгүп-өскөн болсо, долбоорду ишке ашыруу ошончолук жеңилге турат. Бизде алар сапатсыз жасалган же такыр эле жок болгондуктан, инвесторлорго “ушуну салса болот, ресурстар бар, суу бар” деп мындай эле кургак идеяны берип жатабыз да. Бирок ишке ашыра келгенде эле так канча акча кетет, аны канча убакытта кайра кайтарам деген эсептер жок болгондуктан, инвестор дагы ойлонуп, кээде кайра кетип калган учурлар болот. Мисалы, инвестор келип, “мен бул жерге завод курат элем” десе, мамлекет ал жакка бүт эсептеп, долбоордук институттар тарабынан даярдалган анализ материалдарды, долбоорлордун баарын берсе, инвесторго кыйла жеңил болмок. Бүгүнкү күндө бизде ошондой чоң көйгөй бар. Мунун айынан көптөгөн демилгелер ишке ашпай калууда. Идея жакшы, бирок аткарууга келип эле такалып калып атабыз. Ошонун айынан саясий чечимдер ишке ашпай калган учурлар көп”, - дейт Шумкарбек Адилбек уулу.
Эксперт Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу, “Асман” шаары өңдүү ири долбоорлор жарыяланып эле аягына чыкпай, узакка созулуп жатышынын себебин терең изилдөөлөр менен инфратүзүм маселесинин чечилбегендигине байланыштырат.
Эл турмушу ирдендиби?
Кыргыз өкмөтү 2022-жылы бюджеттик кызматкерлердин маяналары менен пенсия, жөлөк пулдарды эки эсеге чейин көтөргөн. Ал эми 2023-жылдын тогуз айында айлык акы былтыркыга салыштырмалуу 25,7% өсүп, орточо маяна 32 миң 78 сомду түзгөнүн билдирген.
Буга карабай Кыргызстандагы орточо айлык акы биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен эң аз – 367 доллар болууда. Мисалы, Беларуста бул 638, Арменияда 676, Казакстанда 774, Орусияда 857 долларды түзөт.
Социалдык маселелер боюнча эксперт Жамийла Тогузбаева өкмөттүн фискалдык реформалары көмүскө экономикага кеткендердин санын дагы да көбөйткөнүн, мындан улам жеке компанияларда иштеген кызматкерлердин социалдык абалы бир кыйла начарлап кеткенин айтат:
“Пенсионерлердин абалы жакшыраак болуп калды. Анткени алардын төлөмү көбөйдү. Мамлекеттик кызматкерлердин маянасы дагы жакшы жогорулады. Бирок экономикалык өсүштөр, тилекке каршы, жеке компанияларда эч сезилген жок. Салык төлөмдөрү тыкыр текшерилип калгандыктан, бир жагынан, бюджетке көбүрөөк каражат чогулуп жатат, экинчи жагынан, ишкерлер салыктан жашырынууга мажбур болуп жатышат. Алар азыраак салык төлөш үчүн кызматкерлерине расмий маянаны азыраак төлөп, калганын конверт менен берип же патенттик системага которуп жатышат. Натыйжада жеке фирмалардагы адамдардын абалы начарлады десек болот”.
2023-жылдын биринчи жарымындагы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын калкынын жалпы акчалай кирешесинин көлөмү 369,3 млрд сом болуп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,2% өскөн. Кирешелер негизинен эмгек ишмердигинен, социалдык көмөктөн жана жеке чарбасынан өндүргөн айыл-чарба товарларын сатуудан алынган.
Кыргызстанда калктын социалдык катмарларынын ортосундагы ажырым өтө чоң бойдон кала берүүдө. Калктын эң аз камсыз болгон 20%ы жалпы кирешенин 5,6% (болжол менен 20,7 млрд сомуна) ээлик кылса, 45,7% (168,8 млрд сому) колунда бар эң жогорку 20% катмардын үлүшүн түзөт. Жети миллион калктын 20% болжол менен 1,4 млн киши болот. Эң бай жана эң жакыр катмардын акчалай кирешесинин ортосундагы айырма 8,2 эсеге жетет.
Кыргыз өкмөтү калкты жакырчылыктан чыгаруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ишкердик кылышы үчүн 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берип жатканын көп айтат. Мындай каражатты 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берген, 2024-жылы дагы 20 миң үй-бүлөгө берүүнө көздөп турат. Садыр Жапаров мындай аракеттер менен алдыдагы он жыл ичинде өлкөдөгү жакырчылыкты 90% жоюуга ишенерин билдирди.
Пайыздык көрсөткүч боюнча, жакырчылыктын деңгээли 2022-жылы (соңку эсеп) 33,2% болуп, мурунку жылга караганда 0,1% азайган. Арийне, кишинин саны менен эсептегенде, жакыр жашаган калктын саны иш жүзүндө 88 690 кишиге көбөйгөн. Өзгөчө Баткен облусунда 7,8%, Жалал-Абадда 3,9% жана Нарын облусунда 2,8% өскөн.
Жумушсуздук болсо жалпы республика боюнча 7,2% төмөндөгөн. Расмий каттоого турган жумушсуздардын саны өлкө аймактарында 1,5%дан тарта 26%га чейин азайган. Бирок Баткен облусунда 11% өсүп кетти.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.