Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды

ӨКМдин куткаруучулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Эки күн мурун Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылындагы пансионаттардын биринин жээгинде "жоголду" деп издөө жарыяланган 23 жаштагы Т. Э. табылды. Аны 26-январга караган түндө саат 01:00 чамасында Бишкектен Булан-Сөгөттү айылына бараткан жеринен аман-эсен табылды. Аны жергиликтүү милиция кызматкерлери таанып, аныкташкан.

24-январь күнү Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийимдери, сумкасы табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары, 21 куткаруучу, 19 милиция ызматкери, Кумбел айыл өкмөтүнүн 5 тургуну аны издеп жатышкан.

Ички иштер министрлиги былтыр дайынсыз жоголгон 150 адам табылганын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Сот кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Эстебесовду 20 жылга соттодуАЗИЯ Кубогу-2023: Кыргызстан мелдештен четтедиУКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялады Министрлик тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат бердиЗамир Ракиев Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетип, анын ордуна сынак жарыяланды БУУнун Эл аралык соту Газа боюнча чечимин жарыялайт