Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Министрлик тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди


Кыйраган Ми-8МТВ тик учагы. Бишкек. 17-январь, 2024-жыл.
Кыйраган Ми-8МТВ тик учагы. Бишкек. 17-январь, 2024-жыл.

Коргоо министрлиги аскердик тик учак кырсыгында жараат алган аскер кызматкерлеринин абалы боюнча маалымат берди. Ага ылайык, учурда жараат алгандардан алтоо Тез жардам клиникалык ооруканасында, үч аскер кызматкери улуттук госпиталда жатат, бирөө Коргоо министрлигинин аскердик госпиталына которулган.

Министрликтин аскердик-медициналык борборунун башчысы Аман Матисаковдун берген маалыматына караганда, үч аскер кызматкерине операция жасалды, алардын абалы оор туруктуу деп бааланып, акырындык менен жакшырып жатат.

Министрликтин аскер дарыгерлери жараат алгандарды караган дарыгерлер менен байланышта экенин, керектүү бардык жардам көрсөтүлүп жатканы айтылат.

“Бүгүнкү күндө Республикалык кан борборунда Коргоо министрлигинин Абадан коргоо кызматынын жараат алган аскер кызматкерлеринин муктаждыгы үчүн 52 литр кан бар. Анын үстүнө аскер кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери ыктыярдуу түрдө кан берип жатышат”, - деди Матисаков.

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы Жайыл Самудинов каза тапкан.

Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилген.

Башкы прокуратура бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү ("Учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин бузуу)" менен кылмыш ишин козгогонун билдирген. Учурда тергөө уланып жатат.

XS
SM
MD
LG