Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

БУУнун Эл аралык соту Газа боюнча чечимин жарыялайт


Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотунун судьялары.
Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотунун судьялары.

Бүгүн 26-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык соту Газа секторунда Израил жүргүзүп жаткан аскердик операцияны тез арада токтотуу талабы жазылган токтомду кабыл алуу же кабыл албоо боюнча чечимин чыгарат. Израилди Газада геноцид жасап жатат деп айыптаган арыз менен бул сотко Түштүк Африка Республикасы кайрылган.

17 адамдан турган соттук коллегия чечимин саат 13тө (Бишкек убактысы боюнча 18:00) жарыялайт.

Израил коюлуп жаткан айыпты четке кагууда. Бул өлкөнүн өкмөтүнүн расмий өкүлү Эйлон Леви 25-январда «Биз Эл аралык сот мындай жалган жана ойдон чыгарылган айыптоолорду четке кагат деп күтүп жатабыз», — деп билдирди.

Түштүк Африка да, Израил да 1948-жылы кабыл алынган геноцид тууралуу конвенциянын мүчөсү. Анда геноцид деген түшүнүк «улуттук, этникалык, расалык же диний топту толук бойдон же жарым-жартылай жок кылуу ниетинде жасалган аракеттер» деп аныкталган. Түштүк Африка мамлекети 29-декабрда БУУнун Жогорку сотуна арыз менен кайрылган. Аталган өлкө Израилди Газа секторунда палестиналыктарды геноцид кылып жатат деп айыптап, согуштук аракеттерин токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.

24-январда Израил Газадагы операциясын 30 күнгө токтотууга макул болгону тууралуу маалымат чыккан, бирок өлкө аны четке каккан.

Бүгүн 26-январда израилдик аскерлер Газанын Хан-Юнис шаарындагы эки оорукананы бутага алышканы кабарланууда.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG